Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 10:39
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Анжелика: Мени коркутуп, кысым жасагандар жок эмес

07.07.2020 13:14
1025
Анжелика: Мени коркутуп, кысым жасагандар жок эмес


Өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына “мен эч кимге милдет кылбайм жана эч кимди кыйнабайм” деп жазган Анжелика ырчыларды биригүүгө чакырды.


Былтыйган ырчылар" деген сөз - эл үчүн (мен үчүн эмес) бир пост же сторисин аяп койгондор тууралуу. Алардын жеке өздөрүнө - ынтымак жардамына чакыруу маалыматын жүктөп коюусун өтүнгөм. "Булардын миллион аудиториясы бар туруп, бир сторис сурансам – ошону аягандар тууралуу эле. Концерттеринде мен постторду ар дайым жүктөчүмүн. “Бардыгында сеникиндей мүмкүнчүлүгү жок да” деп мени тилдебей, маанисин түшүнүңүздөр. Мен биригүүгө чакырдым. Инстаграм баракчам элдики! Эл үчүн кызмат кылып жатканын көрүп жатасыздар. Азыр сасык сайттар адамдарды уруштуруудан башка иши жок!”, - деп жазды Анжелика.


Ошондой эле ал эгерде анын аккаунту жок болуп кетсе, жаңысын ача турганын айтып, азыр аны коркутуп кысым жасап жаткандар жок эмес экенин кошумчалады.


Белгилей кетсек, буга чейин айрым маалымат сайттары ырчы Асема менен Анжелика өздөрүнүн Инстаграмдагы баракчалары аркылуу кайым айтышып, урушуп жатканын жазып чыгышкан.     

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн