Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 22:58
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

“Апамдын Каттамасы” коомдук тамактануу жайы Чолок айылына көчүрүлөт

15.04.2024 16:24
82
“Апамдын Каттамасы” коомдук тамактануу жайы Чолок айылына көчүрүлөт


Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков “Апамдын Каттамасы” коомдук тамактануу жайынын ээлеринин көчүрүү мөөнөтү күзгө чейин узартылганын билдирди.


«Март айына чейин көчүшү керек дедиңиз, бирок мөөнөтү күзгө чейин узартылган экен. Рахмат. Бул бренд, ал жерден көптөр тамактанышат», - деди эл өкүлү.


Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Ырысбек Бариевдин айтымында, «Апамдын каттамасы» пунктунун ээлерине Чолок айылынын кире беришинен жер тилкелери берилет.


«Жакын жерде темир жол бар. Ошондуктан Чолок айылына көчүрөлү деп жатабыз. Жер бөлүнгөн. Айланма жолдун жанынан жер бөлүп берүү боюнча да жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүп жатабыз. Ал жерде жүгөрү, каттама сатуучуларга шарт түзүлөт. Долбоор даярдап жатабыз, жолдорду асфальттайбыз», - деди Ырысбек Бариев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн