Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 11:54
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Апасы үй карантинине алынган кыз көчөдө эркин чыгып жүрдү, - депутат Маматалиев

15.04.2020 15:07
963
Апасы үй карантинине алынган кыз көчөдө эркин чыгып жүрдү, - депутат Маматалиев


Бүгүн, 15-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында пандемияга байланыштуу өзгөчө абал режимин 30-апрелге чейин узартуу маселеси талкуулоодо эл өкүлү Марлен Маматалиев үй карантининине алынган жарандар режимди сактабай жатканына тынчсызданды. 


Мен өзүм күбө болгон көрүнүштү айтайын. Бир үй-бүлөдө апасы үй карантинине алынган. Бирок аны менен контакт болгон кызы ээн-эркин көчөгө чыгып, кыдырып, дүкөндөргө барып жатты. 3 күн гана болду экөөнү тең алып келип жаткырыптыр. Ага чейин канча адамдар менен байланышты. Дагы бир үй карантинине алынган кошунам велосипеди менен дүкөнгө барып жүрдү. Мен өз көзүм менен көрдүм. Бул өтө коркунучтуу жагдай, оорунун жайылышына шарт түзөт”, - деди Марлен Маматалиев.


Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов чынында үй карантини боюнча маселе оор болуп жатканын мойнуна алды. Байкоого алынган 8000 адамдын ичинен көпчүлүгү укпай, түшүнгүсү келбегендер да болууда деди ал. Бирок милиция тийиштүү иштерди алып барып жатканын белгиледи өкмөт өкүлү.


Телефон аркылуу адамдын кыймылына байкоо салуу да учурда натыйжасыз болуп жатканын депутат кошумчаладыОшондой эле депутат Марлен Маматалиев курулуш материалдарды саткан ишкерлер өзгөчө абалга карабай ар түрдүү жолдор менен уруксат алып, иштерин улантып жатканын айтты. Мындан улам депутат Кыргыз почтасы аркылуу товар жеткирүү ишин уюштуруу зарыл деген сунушун берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн