Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 01:08
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Апрель айында Кыргызстан Швейцарияга 598,3 кг алтын экспорттоду

15.06.2023 15:27
854
Апрель айында Кыргызстан Швейцарияга 598,3 кг алтын экспорттоду


Апрель айында Кыргызстандан Швейцарияга 598 кг 30,5 грамм алтын экспорттолду. Мындай маалымат Улуттук статистикалык комитеттин 4 айдагы тышкы жана өз ара соода тууралуу бюллетенинде белгиленген.

Ал эми ушул эле жылдын январь-март айлар аралыгында Швейцарияга 645 кг 255,3 грамм жеткирилген. Жаңыланган бюллетенде январдан апрелге чейин бул өлкөгө баалуу металлдын экспорту 1 тонна 243 кг 285,8 граммга чейин өсүп, өсүш 90% түзгөнү айтылат.

4 айда Швейцарияга сатылган алтындын баасы 78 млн 223,9 миң долларды түзгөн. Бул орточо эсеп менен 1 г үчүн 62,9 доллар, же унцийи 1956,9 долларга барабар. Баа Лондон биржасында алтындын наркына жакын.

Жалпысынан Кыргызстан январдан апрелге чейин 1 тонна 411 кг 167,9 грамм алтын экспорттоп, анын алпы баасы 87 млн 922 миң 749 долларды түзгөн:

- Кытайга (Гонконг) - 9 млн 698 миң 859 долларга 167 кг 882,1 грамм алтын экспорттогон. Бул орточо эсеп менен бир унция 1796,9 долларды түзөт;

- Швейцарияга - 1 т 243 кг 285,8 грамм, же жалпы көлөмдүн 88%ы экспорттолгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн