Апрель айында кыргызстандыктар үч күн катары менен эс алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
7-апрелден 9-апрелге чейин (жума, ишемби жана жекшемби) күндөрү эс алуу деп белгиленди.
7-апрель — Апрель элдик революция күнү мамлекеттик расмий майрам катары бекитилген. Бул күн ушул жылдын календарында жумага туш келгендиктен жана 8-апрель, 9-апрель ишемби, жекшемби болгондуктан үч күн удаа эс алуу жарыяланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн