Бугу 15, 2024
Убакыт: 17:38
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Апрель айында күйүүчү майдын баасы дагы 6 пайызга кымбаттайт

05.04.2021 12:43
925
Апрель айында күйүүчү майдын баасы дагы 6 пайызга кымбаттайт

Апрель айында күйүүчү майга болгон баа дагы  алты пайызга, дизель майына болгон баа  тогуз пайызга кымбаттай турганы күтүлүп жатат. Бул тууралуу КР Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, буга дүйнөлүк рынокто Brent үлүгүсүндөгү нефтинин баасы өсүп, баррели 65 долларга чыгып кеткени себеп болууда. Мындан тышкары, Россиянын заводдорунда дүң баа жогорулап бара жатат.


"Күйүүчү майдын кымбаттап кетүүсүнүн себептеринин бири — сомдун долларга карата болгон девальвациясы. Заводдор продукциясын эл аралык валютада сатат. Ал эми Кыргызстандын ичинде соода кылганда сомду пайдаланабыз. Ортодо чоң айырмачылык бар", — деп  билдирди Нефтетрейдерлер ассоциациясы.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн