Апрелдеги сууктан улам өлкөнүн агрардык сектору дээрлик
301 млн сом зыян тартты. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри
Эркинбек Чодуев маалымат жыйында билдирди.
“Жалал-Абад, Баткен жана Чүй облустарында 2020-жылдын 8-9-апрелинде жүргөн үшүк
агрардык секторго олуттуу зыян келтирди. Алдын ала маалыматтар боюнча,
чыгашалар 301 млн 433 миӊ сомду түздү”, - деди Министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн