Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 05:26
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Апрель баатырлары эскерилди (фото)

07.04.2021 12:42
2483
Апрель баатырлары эскерилди (фото)



А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында 7-апрель - Элдик революция күнүнө карата “Апрель баатырлары унутулбайт” аталышындагы иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 

Ага Апрель элдик революциясынын баатырлары, коомдук-маданий ишмерлер жана жалпы коомчулук катышты.

Иш-чараны министр Кайрат Иманалиев ачып, 2010-жылы болгон Апрель элдик революциясынын мүдөөсү, андагы мекендештердин кыйылган өмүрү жана бул күндүн тарыхтагы орду тууралуу кайрылуу жасап, Апрель баатырлары унутулбай тургандыгын кошумчалады.

 

Иш-чаранын алкагында поэзия мүнөттөрү, атуулдук ырлар ырдалды.

 

Эске салсак, 2020- жылы Элдик апрель революциясынын 10 жылдыгы өлкөдөгү киргизилген өзгөчө кырдаалдан улам өткөрүлгөн эмес. Бирок, өз кезегинде Маданият министрлиги бул тарыхый күнгө карата жаш акындар, композиторлор, сүрөтчүлөр, драматургдар жана ММК каражаттары арасында сынактарды жарыялап, жыйынтыгы чыгарган.

 

Ал эми бүгүнкү иш-чаранын алкагында “Ата-Журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар уулуң чагылганга” аттуу республикалык поэзия сынагынын жеңүүчүлөрүнүн көркөм окуусу, ошондой эле, композиторлор арасында жарыяланган сынакта жеңүүчү болгон “Баатырларга” реквиеми жаңырды.



Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулду.

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн