Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:24
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Апрель революциясына 10 жыл толду: Биз көздөгөн мамлекетти кура алдыкпы?

09.04.2020 14:08
1095
Апрель революциясына 10 жыл толду: Биз көздөгөн мамлекетти кура алдыкпы?


Апрель революциясынын болуп өткөнүнө быйыл туура 10 жыл толду. Апрель окуялары чындыгында мамлекетте модернизация жасоого, мамлекеттик бийлик органдарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды туура бөлүштүрүүгө, алардын ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатууга, мамлекеттин институттарынын эл алдында ачык-айкындуулугун жана жана жоопкерчилигин, жарандардын укугунун кепилдиктерин жана эркиндигин реалдуу камсыздоого эң сонун мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн. Ошол мүмкүнчүлүктөр пайдаланылдыбы? 


Тилекке каршы, мамлекетти кайра башынан оңдоп чыгууга түзүлгөн реалдуу мүмкүнчүлүк пайдаланылбай калды. Апрель революциясынан кийин деле саясат айдыңында бийлик бөлүштүрүүлөр, саясий таасир, финансылык агымдар үчүн күрөштөр улана берди. 


Негизи эле Кыргызстан эгемендикти алган жылдардан тарта эле пайдубалы жок мамлекетти куруп баштагандай болду. СССРден калган мүлктөрдү менчикке өткөрүп, батыш мамлекеттериндегидей демократиялык институттарга «катталып» алсак эле, ошолордой болуп жашап кала тургандай кадамдарды таштадык. Бирок, жыйынтыгында андай болбоду. Тескерисинче бара жаткан багытыбыз жоктой, түбү тешик кемеде калкып бараткандай абалга кептелдик.


Кайда баратабыз? Эмнеге баратабыз? Ушул суроолор жаралды. Калктын калың катмары ортосаар турмуш кечирсе, дагы бир тобу жакырчылыктын сазынан чыга албады. Ал эми кайдан-жайдандыр эле кыска убакыт аралыгында олигархтар пайда болду. Бири менчиктештирилген завод-фабрикалардын темир-тезектерин чыгарып, Кытайга сатуу менен миллионер болсо, дагы бири контрабандалык жол менен мунай ташып байыды. Ал эми мамлекетибиз өтө жарды абалда калганын учурдагы кырдаал ачыктап турат.   


Бүгүн күндө өлкөбүздөгү социалдык-экономикалык жана саясий-укуктук абал мындай, коомчулук мамлекеттик институттардан өзгөчө көңүлү калган абалда турат. Өзгөчө Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн ишмердүүлүгүнө ичтери чыкпайт. Ошондой эле апрель революциясынан кийин келген бийликтин башкаруу ыкмалары да эл көңүлүнө толбоду. Ошондон улам кезектеги Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунуштары пайда болууда. 


Көз карандысыздыкты алган 30 жылга чукул убакыттан бери карай эле биз өлкөбүздүн өнүгө турган жолун таба албай келатабыз. Ашыкча авторитаризм да, ашынган демократия да жаккан жок. Анын үстүнө бүгүнкү күндө башыбызга оор жүк болуп түшүп турган COVID-19 эпидемиясы да кандай мамлекеттик түзүлүш керек экендиги тууралуу кайчылаш пикирлерди жаратууда. Себеби, бул пандемия – кризис менен борборлоштурулган мамлекет либералдык демократияга караганда алдаканча жакшыраак күрөшө ала турганын көрсөтүп койду. Мисалы, европа өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө жана АКШда коронавирус оорусунан улам хаос пайда болуп, оорудан көз жумгандардын саны арбын болуп турат. Ал эми Кытайдын бийлигинин темирдей бекем тартиби эпидемияны кыска убакытта ооздуктап жана каза болгондордун аз санда болушун камсыздады. Россия, Казакстан, Өзбекстанда да өтө кату карантиндик чаралар көрүлүп, эпидемиянын тездик менен жайылышын ооздуктап турат. Башкача айтканда, либералдык демократиянын артыкчылыктары авторитардык үлгүдөгү мамлекеттик түзүлүштөрдүн алдында талкаланып турат. Буга дүйнө коомчулугу күбө. 


Албетте, бул мисал менен биз толук кандуу авторитардык үлгүдөгү мамлекеттик түзүлүштү куралы дегибиз келбейт. Бул эпидемия да аяктайт. Болгону биз ар кимдин оозун карап, ар кимдин жасаган аракетин кайталап отура бербестен, өлкөбүздү өнүктүрүү жолуна сала турганына көзүбүз жеткен жолду батыраак тандап алышыбыз керек.  


2010-жылы июнь айында өлкөбүз жаңы Конституцияны кабыл алган. Бирок, ошол убактагы бийликтеги революционерлер ал конституциялык реформанын кандай кадамдарды ташташ керектиги боюнча стратегиясын иштеп чыгуу зарылчылыгын түшүнүшкөн жок. Анын ордуна жогоруда айтып кеткендей көнгөн адаттары боюнча кызмат бөлүштүрүү, финансылык агымдарды көзөмөлдөө сыяктуу өнөкөттөр менен алек болушту. 2010-жылдын декабрынан 2015-жылдын октябрына жаңы башкаруу формасынын пайдубалын бекемдеп койгонго эң сонун мүмкүнчүлүк бар эле, ал мүмкүнчүлүк колдон учту.  


Парламенттик башкаруу формасын бекемдеп коюш үчүн эмне кылыш керек эле? Биринчи кезекте, жаңы конституциялык жоболорду реалдуу мазмун менен толуктоо үчүн мамлекеттин саясий системасын кайра түзүү зарыл болчу. Тактап айтсак, саясий процесстерде партиялардын ролун күчтөндүрүү, алардын ишмердүүлүгүн коомчулуктун кызыкчылыгына багыттоо, коомдун саясий жашоосун партиялаштыруу үчүн мыйзам базаларын иштеп чыгуу жана кабыл алуу керек эле. Экинчиден, Конституциянын талаптарына ылайык, коомдук бийликти уюштурууну жакшыртуу, мамлекеттик башкаруунун жаңы үлгүсүн түзүү эле. Үчүнчүсү, Жогорку Кеңешти реформалоо. 


Парламенттик башкаруу формасынын негизи болуп көп партиялуу системаны өнүктүрүү саналат. Бирок, апрель окуясынан кийин келген бийлик 10 жыл ичинде Конституциянын духуна туура келе турган партиялык системаны кура алган жок. Бизде 200дөн ашуун катталган саясий-коомдук бирикмелер (партиялар) бар. Бирок, алардын дээрлик көпчүлүгү бир кичинекей ийримдин деңгээлинен чыга алышпайт. Азыркы тапта коомчулук партия деп парламенттеги депутаттык фракцияларды гана түшүнөт. 


Ири деген партиялар дагы реалдуу коомдун социалдык структурасын көрсөтө алышпайт. Конкреттүү идеологиялык багыты да жок, элдин ишенимине да кире алышпайт. Аймактык колдоочуларга гана ээ. Аймактык мүнөздөгү партия мамлекеттин ички жана тышкы саясатын аныктоого жана ишке ашырууга талапкер боло албайт. Бизде партиядан партияга секирик жасамай деген да өнөкөт бар. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо эл партиянын программасы тууралуу эч нерсе билишкен да жок. Жөн гана алардын лидерлерине карап добуш беришти. Ошол партиялар аркылуу келген депутаттар деле партиянын уставын жана программасын билишпейт. Быйылкы жылы өтө турган парламенттик шайлоодо деле ошол көрүнүш өзгөрүлүп кетет дегенге эч ким ишенбейт. 


Бийлик институттарынын айткан сөзү менен жасаган аракети шайкеш келбей жатканынан улам, элдин бийликке ишеними жоголду. Эмне кылыш керек? Кандай гана реформа болбосун анын эффективдүүлүгү элдин мамлекетке болгон ишениминин деңгээлин жогорулатуу болуп саналат. Позитивдүү өзгөрүүлөр, акыл калчап жасалган мамлекеттик чечимдер элдин ишенимин көтөрөт. Андыктан бийликтин башкы миссиясы мамлекетке карата элдин ишенимин жогорулатуу, ошону менен катар эле эл аралык аренадагы ишенимди да калыбына келтирүү. 


Бул үчүн биринчи кезекте, бардык мамлекеттик чечимдер жетекчилердин жеке көз караштарына эмес, Конституцияга жана мыйзамдарга гана негизделиши керек. Экинчиден, мамлекеттик чечимдерге карата ишенимди көтөрүү үчүн аларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу ачык процедура менен өтүшү зарыл. Үчүнчүдөн, коомдук пикирди туруктуу анализдеп туруу зарылчылыгы бар. Башкача айтканда, мамлекеттик чечимдердин тигил же бул варианттарына карата элдин көз карашы кандай боло тургандыгына анализ жасоо.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн