Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 12:19
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Апрель революциясына 11 жыл: Алданган эл, байыган чоңдор

07.04.2021 11:18
1059
Апрель революциясына 11 жыл: Алданган эл, байыган чоңдор


Кандуу 2010-жылдын 7-апрели… Аянтка акыйкаттыкты издеп, адилеттүүлүктү талап кылып чыккан элге каршы бийликтин огу атылган күн. 90 бала окко учуп, миңден ашууну түрдүү жаракаттарды алып, өмүр бою майып болуп калышкан күн. Атасын жоготуп балдар ыйлап, уулун жоготуп энелер зарлап калган күн.


Бул революциядан кийин келген бийлик өкүлдөрү тарабынан элге, кыргызстандыктарга кандай гана сонун убадалар берилди эле? «Ата-Бейитке» коюлган баатырлардын мүрзөсүнүн башында кандай гана жалындуу сөздөр айтылбады эле? Үй-бүлөлүк, кландык башкаруу деген болбой турган болгон. Элдин жашоосу оңолуп, чоңдор байыбашы керек эле. Соттор адилеттүү болмок. Айлык акылар, пенсиялар адам баласынын жашоосу үчүн жеткиликтүү деңгээлге көтөрүлмөк. Коррупция деген тыптыйпыл болмок. Шайлоолор акыйкат жана таза өтмөк. Айтор, 11 жыл мурда берилген убадалар так аткарылганда биз азыр жок эле дегенде стабилдүү түрдө өнүгүү жолуна түшүп калган өлкөдө жашап жатмакпыз. Мамлекеттин казынасына кол салуу, эл ырыскысын уурдоо деген токтомок. Бирок, ал убадалар эмне болду?.. 11 жыл мурдагыга салыштырмалуу азыр жакшы жашап жатабызбы?


Сот системасындагы акыйкатсыздык, соттордун Ак үйдө отургандарга көз карандылыгы мурдагыдай эле сакталып жана уланды. Мурдагыдай эле мамлекеттин, элдин эсебинен эбегейсиз байыган аткаминерлер болду. Чет мамлекеттерден алынган ири суммадагы кредиттерге курулган долбоорлордо ири коррупциялык көрүнүштөр калкып чыкты. Мурдагыдай эле саясий куугунтуктар жасалды. Үй-бүлөлүк башкаруунун ордуна илгертен чогуу кызматташып, чогуу мамилелеш болуп жүргөндөрдүн кланы да бийликте турду. Жогорку билимдүү экендигин далилдеген дипломдору шек жараткандар мамлекеттик жогорку кызматтарды аркалады. Аз эле убакыт ичинде доллар менен миллионерге айлангандар болду.


Айтор, апрель революциясында карапайым элден чыккан азаматтардын өмүрү кыйылып, дагы көбү майып болсо, анын арты менен бийликке келгендердин көбү эсепсиз байып алды. Демек, революция өз максатына жетпей калды. Кандай гана революция болбосун, система түп-тамырынан өзгөрбөсө, люстрация жасалбаса, кайрадан эле мурдагыдай акыйкатсыздык, адилетсиздик жана коррупция улана бере турганын 11 жыл далилдеди.


Ошентсе дагы 7-апрель революциясынын эгемендүү Кыргызстандын тарыхында орду чоң. Анын максаттары ишке ашпай калса да, андан сабак ала турган жагдайлар арбын. Эми бийликти бир колдон экинчи колго өткөрүп берүү үчүн кан төгүүнүн, ажалга тике кароонун зарылчылыгы жок экенин билдик. Бийлик башындагы бир адамды, же бир ууч топту алмаштыруу менен мамлекетте бурулуш жасап жиберүү мүмкүн эмес экенин да түшүндүк.


Эми мындан ары бийлик үчүн күрөштө мыкты идеялар, мыкты программалардын атаандаштыгы башкы рольду ойношу керек. Курулай убадалар, кооз сөздөргө эмес, билими менен тажрыйбасы айкалышкан кадрларга, ишке аша турган жолдору да так көрсөтүлгөн программаларга басым жасап, колдой турган убакыт келди. Апрель революциясында каза болгон азаматтардын, жаракат алган мекендештердин тагдырлары бизге дал ушул нерсени түшүндүрдү. Бийликти, мансапты гана көксөгөндөр үчүн адамдардын аккан каны, төккөн көз жаштары түккө да арзыбайт экен. Андыктан эми андайлар үчүн кан төгүүнүн да, көз жаш төгүүнүн да кереги жок.


Үч жолку революция жолу менен бийликти алмаштырганыбыз бизге жетиштүү. Эми мындан ары басып өткөн жолубузду кайра-кайра кайталап баса берүүнүн кажети жок. Эми аң-сезимге революцитя жасайлы. Ынтымак, биримдик, стабилдүүлүк мамлекеттин өнүгүшү үчүн башкы кепилдик экенин түшүнөлү. Учурдагы бийлик дагы эскилердин катасын кайталабай, эл менен жуурулушуп иштөөнү колго алуусу маанилүү. Бийлик элден алыстай баштаса эле, ортодо көзгө көрүнбөгөн көшөгө тартылат. Анан элдин үнү бийликке, бийликтин аракети элге жетпей калат. Натыйжада нааразычылыктардын жаралуусуна шарт түзүлөт. Мындайга бүгүнкү бийлик жол бербейт деп үмүт артабыз. Баскан жолунан сабак алган адам утат, аны кайталай берген адам жок болот.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Азыр деле алданды ел.Принципсиз чабал бийлик келди дагеле.Ощунун оокатын озун кыла бер