Бугу 15, 2024
Убакыт: 10:58
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов кызматынан кеткен жок

27.07.2020 13:17
1029
Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов кызматынан кеткен жок


Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов кызматынан кеткен жок. Бул тууралуу 27-июлда Республикалык ден соолукту бекемдөө жана массалык коммуникация борборунан билдиришти.


"Учурда саламаттыкты сактоо министри болуп Сабиржан Абдикаримов эсептелинет, ал ооруп жаткандыгына байланыштуу дарыланууда", - деп маалымдалды. 


Ал эми “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан азырынча аларга бул боюнча эч нерсе белгисиз экенин айтышты. 


Биз министрдин кызматтан кеткени тууралуу эч нерсе билбейбиз. Баардык дайындоолорду өкмөттөн чечет”, - деди катчы.


Белгилей кетсек,  ЖМКлардын биринде Сабиржан Абдикаримов өз каалоосу менен кызматынан кеткени жана анын ордуна Милдеттүү камсыздандыруу фондунун жетекчиси Эльнура Боронбаева дайындалганы маалымдалган. 


Саламаттыкты сактоо министрлиги 10-июлда маалымдагандай, министр С.Абдикаримов пневмония оорусуна чалдыгып, республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жаткан. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн