Бугу 05, 2024
Убакыт: 09:39
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Аптаптуу ысык ондогон жылдарга дүйнөнүн азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч келтирүүдө

31.07.2023 13:13
1029
Аптаптуу ысык ондогон жылдарга дүйнөнүн азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч келтирүүдө


Планетадагы кайталанып турган ысык толкундар азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч туудурат, бул жакынкы он жылдыктарда азык-түлүккө болгон баанын жогорулашына алып келиши мүмкүн, деп жазат британиялык Guardian гезити бир катар окумуштуулардын билдирүүлөрүнө таянуу менен.


Быйыл жайда дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө рекорддук жогорку температура катталды, бир катар аймактарда сууну пайдалануу чектелди, кондиционерлердин иштешинен улам электр энергиясын керектөө көбөйдү жана окумуштуулар бул башталышы гана - ысык бардык өлкөлөрдө тегиз болот деп болжолдошууда.


"Биздин тамак-аш системабыз глобалдуу. Дүйнөнүн ар кайсы аймактарында бир эле учурда ири түшүмдөрдү жоготуу коркунучу өсүп жатат, бул чындап эле азык-түлүктүн жеткиликтүүлүгүнө жана баасына таасир этет ", - деди Лидс университетинин атмосфера илиминин профессору Джон Маршам. Окумуштуунун айтымында, мындай абал жакынкы он жылдыктарда болушу мүмкүн.


Жерди изилдеген башка илимпоз Даниэла Шмидт ысыктын деңиз жандыктарына тийгизген таасирине көңүл бурду. Гезиттин маалыматына ылайык, 2°C жылуу болушу коралл рифтеринин жок болушуна алып келиши мүмкүн.


Аптаптуу жайдын таасири азыртадан эле сезилип жатат. Германия менен Грецияда жогорку температурадан улам токой өрттөрү башталса, Францияда кургакчылык коркунучунан улам бир катар муниципалитеттерде сууну колдонууга чектөөлөр киргизилип, шаар бассейндери жабылды. Испаниянын бир катар аймактарында, негизинен Пиреней жарым аралынын түштүк бөлүгүндө жашагандарды суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учуроодо, суу сактагычтардын толтуруу деңгээли сезон боюнча орточо деңгээлден төмөн, кээ бир шаарларда суу колдонуу кыскартырылды.


Калкка жардам берүү жана ысыктын кесепеттери менен күрөшүү боюнча иш-чаралар ар өлкөдө ар кандай. Испанияда жарандарга үйлөрүн мүмкүн болушунча муздатып, жогорку температурага жакшыраак даярдануу үчүн дарыгерлер менен кеңешүү сунушталды. Грек бийликтери ысыктан улам электр тармагына жүктөм көбөйүп, ачык абада оор жумуштарга тыюу салынып, тамак-аш жеткирүү кызматтары токтотулуп, калкты электр энергиясын колдонууну чектөөгө үндөдү.


Италияда, жарандык коргонуу кызматы рекорддук температурага кантип туруштук берүү боюнча кеңеш берүүдөн тышкары, Римдин айланасында 28 мобилдик жардам станциясын жайгаштырып, анда дарыгерлер жана ыктыярчылар нөөмөттө болушууда. Туристтер жана жарандар ден соолугу начарлап кеткен учурда бир бөтөлкө суу же биринчи жардам ала алышат.


Германияда дарыгерлердин профсоюздар федерациясы түштүк өлкөлөрүнүн тажрыйбасын өздөштүрүү жана рекорддук ысыктын фонунда өлкөдө сиестаны (түштөн кийинки тыныгуу) киргизүүнү сунуштады, бирок Германияда башка Европа өлкөлөрүнөн айырмаланып анормалдуу ысыктан коргонуу үчүн жалпы улуттук план жок. Иш-чараларды киргизүү демилгесин жергиликтүү бийлик көтөрүп жатат. Гессен федералдык штаты бул жагынан эң алдыга жылды, мында өзгөчө кырдаалдарда сууну керектөөнү чектөө жана дарыялардан суу алууну жөнгө салуу чаралары көрүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн