Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 20:14
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

“Ар-Намыс” партиясынын Саясий Кеңеши алдыдагы шайлоого катышуучу талапкерлерди праймериз жолу менен аныктайт

28.09.2021 21:07
4372
“Ар-Намыс” партиясынын Саясий Кеңеши алдыдагы шайлоого катышуучу талапкерлерди праймериз жолу менен аныктайт


“Ар-Намыс” партиясынын Саясий Кеңешинин праймериз(тандоо) өткөрүү чечими тууралуу түшүндүрмөсү.


“Ар-Намыс” партиясынын Саясий Кеңеши, алдыдагы Жогорку Кенештин шайлоосуна катышуучу талапкерлерди, праймериз жолу менен аныктоону чечти.


Буга байланыштуу көптөгөн суроолор жаралып, праймериз кандай жол менен уюштурула турганын сурашууда.
Праймериз-бул партия ичиндеги шайлоо, анын жыйынтыгы менен Жогорку Кеңешке талапкерлер аныкталып, тизме куралат. Ошентип, тизмени партиянын лидери же Саясий Кеңеш эмес, катардагы мүчөлөрү аныкташат.


Праймериз кандай өтөт?


Депутат болууну каалаган партиянын ар бир мүчөсү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын каалаган жараны, биздин партия аркылуу талапкер боло алат. Ал үчүн, анын арыз түрүндө кайрылуусу керек, арызында талапкер кайсыл аймактан атаандашууга чыгаарын көрсөтүүсү зарыл. Андан соң, жергиликтүү партуюм өз жыйынында эң татыктуу талапкерди аныктайт. Талапкерлердин жыйынтык тизмеси, шайлоо мыйзамына ылайык, партиянын съезддинде бекилет.


Жалпы-уюштуруу иштери жөнүндө кеңири маалыматты, партиянын штабынан толук таанышсаңар болот.


Талапкер болуунун негизги шарттары:


Конституцияда көрсөтүлгөндөй, депутаттыкка талапкер, жогорку билимдүү, соттолбогон, Кыргыз Республикасынын 25 жашка толгон жараны боло алат.


Праймериз аркылуу депутат болууну каалагандар, арызга толук резюмесин тиркеп, депутат болгондо кандай иштерди аткара тургандыгы жөнүндө чыныгы, көзү жеткен сунуштарын бериши шарт. Бул, эч нерсеге негизделбеген кур убада болбошу керек.


“Ар-Намыс” партиясынан талапкер болууну калагандар төмөндөгү партиянын негизги принциптерин аткарууга милдеттүү:


- Жеке шарт: "Жөнү жок сын такпоо. Сын тагуу, аргументтер менен гана, аны чечүү жолу сунушталышы керек. Эгер маселенин чечүү жолун сунуштай албасаңыз, кур сындоодон баш тартыңыз".


- Тышкы саясатта: "Бардык тараптар менен достукта болуу. Эгер достошуу мүмкүн болбосо, касташпоо. ЖККУ, ШКУ, ЕАЭБ уюмдарына кирген мамлекеттер менен мамиле түзүүгөдө артыкчылык берилет".


- Ички саясатта: "Элдин кызыкчылыгы - кландык, урук-туугандык жана башка кызыкчылыктардан, ошондой эле баардык диндерден жогору турат”.


- Экономикада: "Баардык экономикалык программалар Конституциянын 16- беренесинде көрсөтүлгөндөй -"Кыргыз Республикасынын Жер жана жаратылыш кен байлыктары, элдин негизги жашоо жана ишмердигине, өнүгүүсүнө кызмат кылат".


Кийинчирээк, биздин шайлоо программабызда жогоруда жазылган жана андан башка дагы сунуштарыбыз жана негизги чараларыбыз толук көрсөтүлөт. Праймеризден өткөн талапкерлердин сунуштары да камтылат.


Биз үчүн талапкердин жашы, улуту мааниге ээ эмес. Конституцияда аял менен эркектерге тең укугу каралган. Андыктан, биз үчүн партияда ар бир төртүнчү аял болушу керек дегени маселе эмес. Биз, ар бир экинчи талапкер аял болуп калышы ыктымал экенин билдиребиз.


Бардыгы адамдардын элдин жашоо шарттын жакшыртууга багытталган пландары менен кармаган позициясына байланыштуу.


Ал эми партиянын лидери катары ушундай адамдарга жол ачуу. Аларга тажрыйбамды берип, кетирген каталарымдан сабак алып, ишке ашырылбаган максаттарга жетүү.


Алдыдагы шайлоодо партияларга преференцалдуу добуш берүү каралууда. Тажрыйбада партия үчүн агитация жасаган партия лидери берилген аймакта өзү үчүн үгүт жүргүзбөгөндүктөн, парламентке партия лидерсиз өтүп кетиши мүмкүн.


Эң башкысы депутат болуу эмес. Негизги максат партиянын программасын ишке ашыруу.


Партиянын бюджети чакан. Каражат керектүү гана чыгымдарды жасоого чектелген. Партиянын Саясий Кеңеши ар бир талапкер өз аймагында өзү үчүн, өз программасы жана партиянын программасы үчүн добуш берүүгө чакырыш керек. Андыктан ар бир талапкердин жеке сапаты, шайлоочулардын жүрөгүнөн орун алып, добуш берип, жогорку мыйзам чыгаруу органына өкүл кылышы үчүн ишендириш керек.


Саясатчылардын амбициясы менен тирешүүлөрүнүн зыяны, көптөн бери элге тийип келе жатат. Ошондуктан, “Ар-Намыс” партиясы шайлоо өнөктүгүн калыс жана татыктуу өткөрөт.


Эң негизгиси максат, партиянын планы менен долбоорлорун элге жеткирүү.


Феликс Кулов, “Ар-Намыс” партиясынын төрагасы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн