Бугу 07, 2024
Убакыт: 13:12
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Ар бир адам өз оюн таңуулай берсе Кыргызстанда качан туруктуулук жана өнүгүү болот?

04.02.2021 10:39
565
Ар бир адам өз оюн таңуулай берсе Кыргызстанда качан туруктуулук жана өнүгүү болот?

Жаңы президент Садыр Жапаровдун кызматтык милдеттерин аткарып баштаганына бир гана апта убакыт өттү. Кече 3-февралда Улукбек Марипов башында турган жаңы өкмөт Жогорку Кеңештин трибунасында туруп, президенттин, элдин алдында ант берди. Демек, жаңы келген бийлик өз ишин эми гана баштап жатат.


Өткөн жылдын октябрь айындагы толкундоолордон кийин элдин басымдуу бөлүгү Садыр Жапаровдун бийликке келишин колдоду. Анын башынан өтө оор күндөрдү өткөргөнүн, саясий куугунтуктардын, акыйкатсыздыктын, адилетсиздиктин кандай болорун жон териси менен сезип калганын билишти. Ошонджон улам ал бийликке келсе, өз башынан өткөргөн күндөрдөн сабак алып, эл үчүн, мамлекет үчүн таза жана акыйкат иштеп береринен үмүт кылышты.


Демек, элдин ошол өтө чоң үмүтүн артынып Садыр Жапаров жаңыдан гана өзүнүн президенттик ишмердүүлүгүн баштады. Тилекке каршы, ал ишин эми гана баштап жатканына карабастан, кайрадан эле баягыдай саясий туруктуулукту, стабилдүүлүктү бузууга багытталган митингдер уюштурула баштады. Ал митингди уюштургандардын арасында октябрь тополоңунан кийин кыйкырык, ызы-чуу салып жүрүшүп, жогорку кызматтарга илингендер, анан жаңыдан куралган өкмөттүн катарынан өздөрүн таба албай калгандар да бар. Алар дароо эле «5-6-октябрдагы революцияда Ала-Тоо аянтында мен жүргөм, азыр аянтка чыкпагандар эле кызматтарга барып жатат» деп чыгышты. Демек, алардын логикасына таянсак, жогорку мамлекеттик кызматтар кыйкырык сүрөөн менен эле көчөгө чыгып жүргөндөргө «устукан» катары тартылышы керек экен да? Эгерде ушул логика менен жашоону уланта турган болсок, анда сүйүктүү мамлекетибизди бат эле талкалап, биротоло дүйнө картасынан чийип кое алабыз.


Илгертен кыргызда айтылып келаткан жакшы акыл-кеңеш берүүчү кептер бар. «Эгерде жолго төрт адам чыгып жатсаңар, бирөөнү башчы шайлап алгыла, калган үчөөңөр аны уккула. Эгер жолго эки адам чыгып жатсаңар, анда да бирөөңөр башчы болгула» деп келген акылман кыргыз эли. Себеби, төрт адам жолго чыгып, анан төртөө тең эле өз билгениндей иш кыла берсе, алар эч качан көздөгөн жерлерине жете алышпайт. Төртөөнүн бирөө башчы болуп, калган үчөө аны угуп, айтканы менен макул болуп, ынтымакта жол жүрүшсө, оорчулукту, татаалдыкты бирге көтөрө билишсе, анда көздөгөн жерлерине ийгиликтүү жетип барышат.


Анын сыңары Кыргызстандын 6 миллиондон ашуун калкы бар. Анын жарымынан көбү 18 жаштан жогоркулар. Алардын ар биринин өзүнүн көз караштары, өзүнүн пикирлери бар. Ал эми президент жалгыз. Көпчүлүктүн добушу менен бир адамды башчы кылып шайлап алган соң, аны угуп, керек болсо колдоп жүрүп отурганыбыз туура болот. Ырас, эгерде катачылык кетирип жатса, аны айтыш керек. Бирок, али ишин баштай электе эле ызы-чуу сала берген акылга сыйбайт. Митингге чыккандардын оюнда ошолордун айткандары айткандай болушу керек экен. Ошол эле убакта алардын айткандары менен макул эмес тараптар да бар экенин эмнеге эстерине алышпайт? Ошондо жалгыз президент бери жагы жүз башка пикирлердин кайсынысына жагынып иш кылышы керек болот? Ар бирибиз эле өз пикирибизди, оюбузду таңуулай берсек, кантип бирдиктүү багыт менен өнүгө алабыз?


Андыктан эзелтеден кеменгер элибиз айтып келгендей, шайлап алган башчыбыздын ишине тоскоолдук жаратпай, тескерисинче ага канат-бутак болгонубуз туура. Шайлоодо көпчүлүктүн добушу менен шайландыбы, демек мөөнөтүнүн аягына чейин иштөөсүнө мүмкүндүк берүү зарыл. Мөөнөтү аяктагандан кийин отчетун ала берсек болот. Жаңы ишке кирген өкмөт дагы референдумдун жыйынтыгы чыкканга чейин иштейт. Демек, ошол убакка чейин алардын дараметин байкаш керек. Татыктуу иштегендери андан кийин куралчу жаңы өкмөттүн курамында калат. Иштей албагандары алмашат. Бардык кадамдарыбыз мыйзамдын алкагында гана болгондо, өлкөбүздө стабилдүүлүк дагы, өнүгүү дагы болот.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн