Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 12:05
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ар бир аймакка компьютердик томография аппараттарын орнотуу тапшырмасы коюлду

21.07.2020 16:32
652
Ар бир аймакка компьютердик томография аппараттарын орнотуу тапшырмасы коюлду


Өлкөнүн ар бир аймагында медициналык бет кап жана жеке коргонуучу каражаттарды чыгара турган цехтерди ачуу боюнча иштерди тездетүү шарт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын отурумунда билдирди. 

«Аймактардагы жарандарды беткап жана жеке коргонуучу каражаттар менен толук камсыз кылуу үчүн ар бир облуста цехтер ачылыш керек. Облус жетекчилери бул багыттагы иштерди күчөтүүгө тийиш. Чыгарылган продукциянын элге жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн баасын дагы көзөмөлдөө керек», - деди өкмөт башчы. 

Муну менен катар премьер-министр ар бир аймакка компьютердик томография аппаратын алуу боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасын берди.

«Аймактарда компьютердик томографиянын иштешин камсыздоо керек. Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү бул медициналык аппаратты жайгаштыруу ордун тактоону уюштуруу маселелерин тез арада чечүүгө тийиш. Компьютердик томография аймакка жеткирилери менен дароо ишке киргендей болсун», - деп Кубатбек Боронов кошумчалады. 

Жыйындын жүрүшүндө өкмөт тарабынан дары-дармектердин тартыштыгын жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланып, Саламаттык сактоо министрлигине аймактарды медициналык каражаттарды үзгүлтүксуз камсыз кылууну көзөмөлдөө тапшырмасы берилди. 

Ошондой эле шаарлар менен райондордогу коомдук жайларды, көчөлөрдү дезинфекциялоо чараларын күчөтүүгө көңүл буруу керектиги белгиленди.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн