Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 09:28
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ар бир чиновникти Куран карматып актантсак, миллиард сомдон төгүшөбү?

13.04.2021 11:22
1099
Ар бир чиновникти Куран карматып актантсак, миллиард сомдон төгүшөбү?


Кечээ, 12-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев мамлекетке келтирген зыяны үчүн 1 миллиард сом төккөнүн УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады. Ал Биринчи Май райондук сотунун чечимине ылайык өлкөдөн чыкпоо шарты менен камактан бошотулганы да маалым болду. Тергөө менен кызматташууга да даяр экенин билдирген.


Ошентип өткөн жылы эле колуна Куранды кармап алып, «Урматтуу кыргыз элим, урматтуу соцтүйүндө отурган көрөрмандар! Мен Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович, 1992-жылдан 2005-жылга чейинки иштеген учурда бир дагы коррупциялык ишке катышкан эмесмин. Экинчиден, менин туугандарым сурап келгенде интелектуалдык деңгээлим менен идеямды айтып келгем, бирок алар өз эмгеги менен, өздөрү тапкан акчасына сатып алып, иштеп жатат. Менин мусулман катары айтайын дегеним, кайсыл учурда болбосун, так, эң таза жана эч кимге акаарат келтирбеген, таза жүргөн адам катары жүрөм. 2005-жылкы белгилүү окуядан кийин көпчүлүк мамлекеттик кызматкерлер чет мамлекетке качып кетишкен. Мен ошол учурда жакшылап анализдеп туруп, ошол 13 жыл бою бир дагы финансылык мүчүлүштүктөргө алып келген, бюджеттин акчасын жеген эмесмин. Ошондуктан мен эч жакка качып кетпейм деп, көкүрөгүмдү бийик көтөрүп, эл арасында жүрөм. Ошондуктан мен Куранды кармап туруп айтам, менин эч качан 2,5 млрд доллар акчам жок, коррупцияга эч качан аралашкан эмесмин. 1 миллион доллардан ашык байлыгым жок», - деп айткан болчу. 


Ошол убакта да ыйык Рамазан айы эле. Кече 12-апрелде да Ыйык Рамазан айынын башталышына бир гана күн калган. Ошентип бир жыл толук айлана электе эле Куран кармап алып актанган Кубанычбек Жумалиевдин абалы бүгүнкүдөй болуп турат. «Бир миллион доллардан ашык байлыгым жок» деп Куранды кармап айткан ал мамлекетке 1 миллиард сом төктү. 1 миллиард сом бүгүнкү курс менен эсептегенде 12 миллион АКШ долларына жакындап барат. Ошондо Кубанычбек мырза Куранды кармап туруп деле калпты айтып койгон болуп жатабы? Куранды кармап калп айткан адамдын айыбы бат эле ачылып кала турганына көзүбүз да жетип турганын тана албайбыз.


Экинчи тарабынан алганда, ошол Куран китебин Жумалиевге карматкан Мелис Аспеков аттуу жарандык активисттин бүгүнкү абалы кандай? Ал дагы 250 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылып, алып жаткан жеринен атайын кызмат тарабынан кармалганы, азыркы күндө абакта жатканы белгилүү. Болбосо, Аспеков да өзүнүн беш убак намаз окуй турганын айтып, анан даарат алып туруп Куран китепти ала келгенин айткан болчу. Беш убак намаз окуганы жакшы, бирок жасаган иши башка болсо, демек ошол Куран китебин кармап алып, башка бирөөнү бурчка такаганы жосунсуз иш болуп калганын түшүндүк.


Ушундан улам бир жакшы идея келип турат. Балким, өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп эле мультимиллионер болуп алгандардын баарын Куранды кармап актануусун талап кылсак кандай болот? Муну бир адам эмес, коомчулуктун талап кылганы туура болот. Курандын ыйыктыгы, сүрү башка экенин Жумалиев кармап алып сүйлөп жатканда эле сезгенбиз. Аны ар бир чиновник жана экс-чиновниктер, соттор кармап туруп, актанып беришсе, бир жыл айланып-айланбай жатып ар бири 1 миллиард сомдон казынага төгүп калышса жаманбы?


Канатбек Аскаров

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн