Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 17:05
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Ар бир шайлоочуну 1000 сомдон сатып алуу фактысы аныкталды (видео)

26.11.2021 09:39
566
Ар бир шайлоочуну 1000 сомдон сатып алуу фактысы аныкталды (видео)

Добуш сатып алуу фактысы аныкталганын Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы 25-ноябрда билдирди.


Милицияга борбор калаанын тургуну Н. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин бирин колдоп, шайлоочулардын добушун сатып алуу менен активдүү алектенип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.


Бул факты Жазык кодексинин 192-беренеси («Шайлоочуларды сатып алуу») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.


Иликтөө иштеринин жүрүшүндө талапкерге жана партияга үгүт иштерин жүргүзүп жаткан А.А. М.Н. аттуу жаранга 10 миң сом бергени аныкталды. М.Н. аны 10 шайлоочуга бөлүп бериши керек болчу.


Тергөөчүлөргө акча жана үгүт материалдары өз ыктыяры менен өткөрүлүп берилген жана А.А. менен М.Н. шектүү болгону тууралуу билдирме алган.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн