Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 02:14
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Ар бирибиз сендей жоопкерчиликтүү, намыстуу болсок кана!

04.08.2021 23:13
2038
Ар бирибиз сендей жоопкерчиликтүү, намыстуу болсок кана!


Эх Айсулуу, эгер сен өзүң билсең, тарых жасаган адамсың! Сен кыз, келиндер да күрөшсө, ал тургай ийгиликтерге жетсе болорун бүтүндөй журтуңа көп жолу далилдеген кызсың. Сени көрүп канчалаган кыздар күрөшүп башташты, алды минтип өзүң менен кошо барып колону багындырып отурат. Сен жалгыз өзүң системаны , күрөшкө болгон мамлекеттин мамилесин, элдин түшүнүгүн үн-сөзсүз жеңип, жөн гана ишиң менен көрсөтүп койгон адамсың. Эч нерсеге ишенбей, эч нерсеге кызыкпай чачырап бараткан бир улуттун, мамлекеттин башын алеки саатта бириктирип койгон кызсың. Айсулуу, сен жасаган эмгекти эгемендүү Кырызстанда эч бир кыз жасай элекпиз. Эч кимибиз сендей өжөр, сендей мээнеткеч, сендей ийкемдүү болуп, өз тандаган багытыбыз менен 30га чыкпай тарыхта калып, дагы да жаштарга үлгү болчу иштерди жасай элекпиз Айсулуу. Сен миңдеген адамдардын кумири, миллиондогон адамдардын сүймончүгүсүн. Аталарыбыз Айтматов менен замандаш болгонуна сыймыктангандай, биздин муун да сени менен замандаш экенибизди неберелериме айтып береримди эстегенде, бир кудуңдап кубанам. Сенин Олимпиада-2020да алган медалың океандай терең да, кенен да сенин өмүр жолуңда жөн гана бир сувенир болуп калат. Сен дүйнөлүк инсансың Айсулуу. Кой, ыйлаба, ызаланба. Сен легендасың!



Айтурган Сатиева, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн