Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Араб Эмиратынан 54 тонна тамак-аш түрүндөгү гумжардам келди

30.04.2021 12:07
1049
Араб Эмиратынан 54 тонна тамак-аш түрүндөгү гумжардам келди


Кыргызстанга Бириккен Араб Эмираттарынан тамак-аш түрүндөгү гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын алкагында, кечээ, 29-апрелде БАЭ өкмөтүнөн жалпы салмагы 54 тоннаны түзгөн тамак-аш азыктары түрүндөгү гуманитардык жардам “Etihad Airways” авиакомпаниясынын атайын каттамы менен "Манас" эл аралык аэропортуна келип түштү.

КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү, Тышкы иштер жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин өкүлдөрү "Манас" эл аралык аэропортуна гуманитардык жүктөрдү кабыл алуу процессине катышты.

Өлкөнүн жогорку жетекчилигинин көрсөтмөлөрүн аткаруу максатында, бул гуманитардык жардам жакын арада Баткен аймагына жеткирилет.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Макеева Эльвира
Мен аявай муктажмын балам менен иштеше кыйын болуп каалды кайда кайрылсам болот