Бугу 31, 2025
Убакыт: 19:16
USD
87.30
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.105
1.140

Арак бир гана денеге зыян эмес, ал үйдүн духун сындырат

30.05.2025 14:12
65
Арак бир гана денеге зыян эмес, ал үйдүн духун сындырат


Көпчүлүк үчүн баары жөнөкөй эле башталат. Бирок акырында эс алуу эмес, үй-бүлөнү жоготуу менен бүтүшү мүмкүн.


Сен ичип жатканда: уулуң өзүн күнөөлүү сезет. Кызың ичкич эркектерди нормалдуу катары кабыл алат. Аялың кыялдарынан баш тартат, ичинен чөгөт. Арак бир гана денеге зыян эмес, ал үйдүн духун сындырат. Тынчтык кетет. Балдар үн катпай калат. Үй-бүлөдө сүйүү ордуна коркуу жашай баштайт.


Изилдөөлөр эмне дейт?

- ВОЗ: дүйнөдө ар бир 4-баланын бири ичкич үй-бүлөдө чоңоёт.

- Harvard University: ичкич ата-эненин балдарында депрессия, суицид жана агрессия 2,5 эсе көп катталат.

- The Lancet (2018): алкоголду дүйнөдөгү эң зыяндуу зат деп тааныган.

- NIAAA (АКШ): үй-бүлөлүк зомбулуктардын 55-70%ы алкоголь менен байланышкан.


Арак акырындык менен сенден ден соолукту, урмат-сыйыңды, үй-бүлөңдү тартып алат. Бирок, токтогон күнү үмүт кайра кайтып келет. Үй кайра тынчып, балаңдын жылмайганычы... Жубайың ишенип карай баштайт. Баш тартуу алсыздык эмес, бул чоң күч. Ичпей жашоо – бул сүйүүңдү далилдөө. Айыгуу – бул жаңыдан үй-бүлөң менен бирге жаңы жашоо баштоо.


Эгер бул постту ушул жерде окуп жатсаң, бул жөн эле сөз эмес. Бул сага белги болушу мүмкүн. Эртең эмес, бүгүн башта!   


Эрмек Исмаилов

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн