Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 10:08
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Арал жана Сосновка постторунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

12.01.2024 08:44
202
Арал жана Сосновка постторунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди


Бүгүн, 11-январь саат 17:00дөн баштап Арал жана Сосновка постторунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чаралар Бишкек — Ош унаа жолунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу, кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында кабыл алынды.

Ишканадан белгилешкендей, учурда Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында кардан тазалоо жана инерттик материалдарды чачуу иштери жүргүзүлүүдө.

"Алыскы жолго чыккан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштыруу, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүү сунушталат", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн