Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 09:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Дистанттык билим берүүдө суроолор жаралса жарандар кайда кайрылуусу керек?

08.04.2020 14:56
1047
Дистанттык билим берүүдө суроолор жаралса жарандар кайда кайрылуусу керек?


Аралыктан окутуу боюнча түшүнбөгөн учурлар болсо өлкө боюнча телефон аркылуу жооп берүүчү топ түзүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова айтты.


Анын айтуусуна караганда атайын уюштурулган топ билим берүү тармагындагы бардык суроолорго жооп берет.

 

“Министрликте дистанттык форматта билим берүү тобу уюштурулду, бул топ бардык суроолорго жооп берип, кеӊеш берип, ар бир регион менен байланышып, пайда болгон кѳйгѳйлѳрдү чечүүгө жардам берет”, - деген Надира Жусупбекова.

 

Анын айтымында, ыкчам байланыш үчүн тѳмѳнкү телефондорго чалуу керек:

 

0550-512-075;

0550-801-026;

0550-368-784;

0550-513-385;

0557-442-355

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн