Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 12:12
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Аралыктан окуу тажрыйбасы: Окуучуну жакындан сезип, бирге окууга эч нерсе тең келе албайт

22.06.2020 13:19
2067
Аралыктан окуу тажрыйбасы: Окуучуну жакындан сезип, бирге окууга эч нерсе тең келе албайт


Кыргызстанда дүйнөлүк пандемияга байланыштуу 16-марттан тартып эле билим берүү мекемелери каникулга тарап, аралыктан окутуу системасын кабыл алышты. 8-апрелден баштап мектеп окуучулары жана жогорку окуу жайларынын студенттери интернет аркылуу онлайн сабак өтүүнү башташты. Сабактар мамлекеттик телеканалдар аркылуу жүргүзүлүп, мугалимдер менен окуучулардын үй тапшырмаларын аткаруу жана аларды баалоо боюнча байланыш бир катар мобилдик тиркемелер жана WhatsApp аркылуу ишке ашырылды. Ошентип төртүнчү чейрек толугу менен онлайн система менен аяктап, баалар коюлду.


Бирок бул практика боюнча ата-энелер жана мугалимдер арасында бир топ коомдук пикирлер айтылды. Көпчүлүгү аралыктан окутуу түзмө-түз сабак өтүп, билимин баалоого жетпейт деген ойдо. Бул ыкма биринчи жолу колдонулуп жатканын эске алганда окуучулар, студенттер жана алардын сабагына жардам берген ата-энелер заманбап технологияларды колдонуу тажрыйбасы бир аз жүдөткөнүн белгилешти.


Мына ушундай практиканы башынан өткөргөн мугалимдердин бири Мамырова Нурзада Кеңешбековна өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү.  


Ал кесиби боюнча орус тили жана адабияты мугалими. Бул тармакта иштегенине 24 жылдын жүзү болду. Буга чейин айыл мектептеринде иштеп келген. Андан кийин Бишкек шаарындагы Свердлов районунун мектептеринин биринде беш жыл иштеген. Ошол жылдары башталгыч орус тилдүү класстарда мугалим жетишсиз болгондуктан мектеп жетекчилигинин сунушу менен кайра даярдоодон (переквалификация) өтүп, акыркы он жыл башталгыч класстарында иштеп калган. Ушул тапта Аламүдүн районунун Лебединовка айылына караштуу Желкайып Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясында орус тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенип келе жатат.


- Мен 30 саат менен иштейм, 1-2-3-4 кыргыз тилдүү класстарга орус тилинен, бир орус тилдүү 5-класска орус тили жана адабияты сабактарынан берем. Класстарда 30-35тен окуучу, жалпы орточо эсеп менен 300гө жакын бала болот. Коллективим жакшы, мектеп директору Омурова Асылкан Шерматовна, окуу боюнча бөлүм башчысы Сагыналиева Тураргүл Сагыналиевна экөө тең тажрыйбалуу жетекчилер.


Дистанттык билим берүү


- Капысынан дистанттык окутууга өтүп калдык. Уюштурууда кыйынчылыктар болду, албетте. Мисалы, WhatsApp группа түзүүдө жалпы окуучуларды камтуу көп убакытты талап кылды, бирин-экин окуучу. Мобилдик байланыш жеткиликсиз жерлерге кетип калган учурлар болду, телерасписание түзүүдө бүт класстар бир күнгө туш болуп, үй тапшырмасын текшерүү көлөмү ыңгайсыздык жаратты жана башка ушул сыяктуу нерселер тоскоол болду. Буга чейинки тажрыйбамда информациялык-коммуникациялык технологияларды (ИКТ) колдонуп жүргөндүктөн видео-сабак тартууда, керектүү маалымат издөөдө кыйынчылыктар болгон жок. Балдар менен байланышты биринчи WhatsApp аркылуу жүргүздүм. Албетте, ыңгайлуу жолдорун издеп, Zoom, Klassroom тиркемелерин колдонуп көрдүк. Тилекке каршы, көп ата-энелер электрондук почта ачып, ыкчам интернети болуп колдоно алышпагандыктан кайрадан WhatsApp аркылуу иштештик. Телефону жок, ата-энесин жумуштан күткөн окуучулар кездешти, ал эми телевизору жок окуучу болгон жок. Мугалимдер "Мугалим-200" бекер байланыш пакетин колдондук, окуучуларга да каралган, бирок бул нерсе аларда ишке ашкан жок.


Аралыктан окутуунун пайда-зыяны


- Эми аралыктан окутуунун пайда-зыяны тууралуу айтсам: графикти эч ким сактабайт. Сутканын кайсы убагы, жуманын кайсы күнү болбосун ата-энелер, окуучулар кайтарым байланышка чыгып, пайда болгон суроолорун бере беришет. Окуучунун жоопкерчилиги азайып, тапшырмаларды көбүнчө ата-эне аткарып калат экен. Жакшы окуган окуучу деле, начар окуган окуучу деле ата-эненин жардамы менен бирдей баа алып, стимул жоголот.


Ден соолукка келтирген зыяны


- Ден соолукка зыянын өз байкоом менен айтсам, көздүн көрүүсүнө терс таасири чоң экен, нурдануу (облучение), бет, кол терилеринин ачышуусу, баш ооруу, жүрөк айлануу, эс тутумдун начарлашы, ачуунун чукул келиши байкалды.


Аралыктан окутуунун келечеги


- Дистанттык окутууну узакка тажрыйбалоо туура эмес, бетме-бет жолугуп, окуучуну жакындан сезип, аны менен кошо кайгырып же кошо кубанып окуутуга эч бир нерсе тең келе албайт.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн