Интерпол аркылуу издөөгө алынган Кыргызстандын жараны Райкуль Джапарова Нуркожоевна Польшанын аймагынан үстүбүздөгү жылдын 22-майында кармалып, КР Башкы прокуратурасы тарабынан экстрадициялоо маселелери чечилип жатат.
ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, бул жаранга
Бишкек шаарынын Октябрь райондук жана Бишкек шаардык соттору тарабынан сырттан
чечим чыгарылган. Ага ылайык 2014-жылдын 22-октябрында жана 2015-жылдын
3-апрелинде Кылмыш-жаза кодексинин 30-183-беренесинин 3-бөлүмүндө (Кылмыштуу
кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) кылмышына катышуу), 166-беренеси (алдамчылык)
менен 221-беренесинде (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым
укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) көрсөтүлгөн кылмыштарга күнөөлүү деп
табылган. Ошондой эле мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылган.
Ички иштер министрлиги тарабынан Райкуль Джапарова эл аралык жана Интерпол аркылуу издөөгө алынган. Интерполдун маалыматы боюнча, Р.Джапарова 2020-жылдын 22-майында Польшанын аймагында кармалган. Эми Кыргызстанга алып келүү жумуштары жүрүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн