Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:10
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Арашан айылында көрүстөндүн аймагында курал-жарак сакталган жай табылды

25.12.2023 10:13
540
Арашан айылында көрүстөндүн аймагында курал-жарак сакталган жай табылды


Аламүдүн районунун аймагынан уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөлөрүнө таандык курал-жарактарды сактоочу жай табылды, деп билдирет КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтордун ишин аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган, ошондой эле бир катар буйрутма киши өлтүрүүлөрдүн бетин ачуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, маркум криминалдык авторитет К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү тарабынан жасалган, курал-жарактардын жана жардыргыч заттардын арсеналы менен катылган жашыруун жай табылды.

Такталган боюнча, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылында жайгашкан көрүстөндүн аймагындагы жогоруда көрсөтүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча мүрзө таштарынын биринен эки боз полипропилен баштык табылган.

Табылган баштыкты текрерүү учурунда, ар кандай ок атуучу куралдар, ар кандай калибрдеги тапанчалар, Калашников автоматы, кесилген жылмакай куралдар, ок-дарылары менен жана жардыргыч заттар табылып алынды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жогоруда аталган курал-жарактар алынып, тиешелүү экспертизага жөнөтүлөт.

Учурда КР УКМК тарабынан аталган курал-жарак кампасына тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан жасалган келишимдик жана бети ачылбаган адам өлтүрүүлөрдө пайдалануу болгондугу боюнча керектүү ыкчам издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн