Бугу 19, 2024
Убакыт: 22:46
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Арасында Megacom бар. Мамлекет бир нече мамлекеттик ишкананы сатууну пландап жатат

14.07.2021 09:26
1232
Арасында Megacom бар. Мамлекет бир нече мамлекеттик ишкананы сатууну пландап жатат

Кыргызстандын министрлер кабинети төрт компаниядагы үлүшүн сатууну көздөп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Facebook баракчасына жазды.


"Министрлер кабинети "Альфа Телеком" (акциянын 100 пайызы), "Кепилдик фондун" (14,09 пайызы), "Керемет банкын" (0,74 пайызы) жана Евразиялык сактык банкын (76,56 пайызы) менчиктештирүү боюнча маселени парламенттин кароосуна жөнөттү", — деп жазды депутат.


Ал тизмеде 32 объект бар экенин белгилеп, жогоруда аталгандар да кошулганына токтолду. Калган 28 объект боюнча эч нерсе деген жок.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн