Бугу 22, 2024
Убакыт: 00:41
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Арасында өспүрүмдөр бар. Жалал-Абадда боулинг ойногон жайдын ээсин тоногондор кармалды

Арасында өспүрүмдөр бар. Жалал-Абадда боулинг ойногон жайдын ээсин тоногондор кармалды

Жалал-Абад облустук милициясы каракчылыкка шектелген 5 жаранды кармады. Бул туурасында Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка караганда, 2022-жылдын 7-декабрь күнү саат 22:00 чамаларда Базар-Коргон районунун 20 жана 19 жаштагы 4 тургуну Жалал-Абад шаарындагы боулинг оюн ойноочу жайында ойноп жаткан учурда ошол жерди иштеткен “Сыймык” аттуу бала 4 шериги менен уруп тепкилешип, бычак такап коркутушуп, жалпы баасы 50 миң сомдук 3 телефон, 2400 сом накталай акчасын жана спорттук кийимин карактап алып коюшкан.  


Бул факты Жалал-Абад ОИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.


Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мызаймсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын (ЭММКАК) кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектелип, Базар-Коргон районунун 5 тургуну кармалган. Алар Талды-Булак айыл аймагынын тургундары 2000-ж.т. Т.К., 2003-ж.т. С.К., 2005-ж.т. М.М., М.С. жана Акман айыл аймагынын тургуну 2005-ж.т. М.Б. экендиктери такталып, далил буюмдар алынган.


Шектүүлөр 2023-жылдын 3-февраль күнү Жалал-Абад шаардык соту тарабынан 2023-жылдын 13-февралга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.


     

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн