Ош обулсунун Араван районунда жазгы талаа иштери башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда дыйкандар картошканын эрте бышуучу "сагитта" түрүн эге баштады.
Картошканын "сагитта" сорту - орто жана бийик, орто типтеги жана жарым тик болгон өсүмдүк. Жалбырагы орто, жашыл, кочкул жашыл түстө.
Белгилей кетсек, Айыл чарба министрлиги 2025-жылдын жазгы талаа жумуштарын уюштуруу үчүн облустардын, райондордун, айыл округдардын өкүлдөрү менен биргеликте жер-жерлерде штабдар түзүлүп, иш алып барууда.
Ошондой эле жазгы айдап-себүү үчүн дыйкандарга жер семирткичтер "Капу" компаниясы аркылуу 150 тоннага чейин арзан баада жетирилет
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн