Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 09:09
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Араванда "Йакын-Инкар" экстремисттик уюмунун лидери кармалды

01.04.2022 10:58
372
Араванда  "Йакын-Инкар" экстремисттик уюмунун лидери кармалды

Араван районунун аймагында "Йакын-Инкар" диний экстремисттик кыймылынын лидери кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Ош облусунун аймагында "экстремист" аталыштагы ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинде каралган кылмыштын белгилери менен козголгон сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Араван районунун 53 жаштагы тургуну Т. М. аттуу жаран кармалды.


Кармалган жаран Кыргызстандын аймагында үгүт жана пропаганда иштерин жүргүзүүгө тыюу салынган "Йакын-Инкар" диний экстремисттик агымынын идеялогияларын колдоп жана аларды үгүттөп, 2022-жылдын февраль айына чейин жашыруун түрдө башка облустун аймактарынан аталган диний экстремисттик тобунун мүчөлөрүн алып келип, үгүт-насаат иштерин жүргүзүп жүргөндүгү аныкталган.


Козголгон кылмыш иш боюнча атайын тергөө амалдарынын жыйынтыгында анын турак жайына тинтүү жүргүзүлүп, диний экстремисттик маанидеги материалдар аныкталып, алынган. Кылмышка шектүү катары кармалган Т.М. аттуу жаран КР Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинде каралган кылмышты жасагандыгына шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн