Бугу 18, 2024
Убакыт: 16:40
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Араванда дайынсыз болуп жаткан 12 жаштагы эки кыз табылды

03.08.2022 11:54
578
Араванда дайынсыз болуп жаткан 12 жаштагы эки кыз табылды

Араван районунда  дайынсыз жоголгон 12 жаштагы эки кыз табылды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирет.

 

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 2-август күнү Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 39 жаштагы тургуну С.И. Араван РИИБне арыз менен кайрылып, анда: 2022-жылдын 2-август күнү эрте менен саат 05:00 чамасында кызы 12 жаштагы С.М. менен кызынын досу 12 жаштагы А.Н. үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жок болуп жаткандыгын билдирген.


Аталган маалымат, 2022-жылдын 2-август күнү саат 13:26 де Араван РИИБдин МЭЖне катталган. Иш-чаранын жүрүшүндө, 2022-жылдын 2-август күнү саат 05:00 дөр чамасында Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтүнүн тургуну 12 жаштагы С.М. менен анын бөлөсү ошол эле көчөнүн тургуну 12 жаштагы А.Н., жаран С.М. үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жок болуп жаткандыгы аныкталган. Алар үйдөн чыгаар алдында кат жазып кетишкен(сүрөтү тиркелет).


Издөө иштери Араван РИИБдин өздүк курамы тарабынан жүргүзүлүп, 2022-жылдын 2-августтан 3-августка караган түнү саат 01:02 чамасында Ош шаарынын Ак-Буура эс алуу паркынан табылып сак-саламат ата-энесине өткөрүлүп берилди. Кыздардын ата-энелерине кыздар менен болгон мамиле боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.Ошондой эле социалдык кызматкерлерге көзөмөлдөө боюнча сунуштар берилди.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн