Бугу 18, 2024
Убакыт: 16:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Араванда терминалдарды уурдап, ичиндеги акчасын алган топ кармалды

08.09.2022 10:22
397
Араванда терминалдарды уурдап, ичиндеги акчасын алган топ кармалды

Араван районунда терминалдарды уурдап жүргѳн кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сѳз кызматы билдирди.

  

Маалым болгондой,  6-сентябрь күнү Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында уурулук менен алектенип жүрүшкөн шектүүлѳр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алар 22 жаштагы Б. уулу М., 27 жаштагы Т.С., 24 жаштагы Б.И., 23 жаштагы С. уулу Т., 22 жаштагы Д.К.. Аталган факты Араван РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-берененин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Кармалган жарандар төмөнкү фактыларга шектелип жатышат. 2022-жылдын 2-сентябрь күнү таңкы саат 03:00 чамасында Араван районунун Гулбар айылынын дүкөндөрдүн биринде жайгашкан "Нур телеком" жана " Скаймобайл" компанияларынын терминалдарын жана анын ичиндеги 105 400 сом акчаны белгисиз жарандар уурдап кетишкендиги боюнча Араван РИИБге арыз келип түшкөн. Тергѳѳнүн жүрүшүндѳ бул кылмыштуу топ тарабынан Өзгѳн, Кара-Суу райондорунун жана Нарын облусунун аймагында терминалдарды талкалап, уурулук кылгандары белгилүү болду. Ошондой эле дагы башка аймактарда ушундай кылмыштарга катышы бар же жоктугу тешерилип жатат. Жалпы чыгымдарды тактоо иштери жүрүп жатат. Учурда тергѳѳ иштери улантылууда.


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн