Ош облусунун Араван районунда турак үй толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Керме-Тоо айыл аймагынын Жаңы-Жол тилкесинде жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 140 чарчы метр 5 бөлмөсү толук күйгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатканы айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн