Бугу 15, 2024
Убакыт: 06:38
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Аравандын имамдарына шайлоонун үгүт иштерине аралашпоо эскертилди

24.09.2020 13:53
849
Аравандын имамдарына шайлоонун үгүт иштерине аралашпоо эскертилди


Ош облусуна караштуу Араван районундагы имамдарга жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. 


Маалыматка караганда, жыйында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу, парламенттик шайлоого аттанган саясий партиялардын үгүт иштеринен оолак болуу, нике журналдарын туруктуу колдонуу жана айлык отчетторду толук өз убагында тапшыруу маселелери каралды.


Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казыятынын курулуш жана мечит адиси Абдималик Турсунбеков, казыяттын иш башкарма башчысы Раушан Жеңишбек уулу, Араван районунун башкы имамы Алибек ажы Жусупов, хатибият кызматкерлери жана мечит имамдары катышты.


Жыйындын аягында муфтият тарабынан келген Куран китептери ар бир имамга 8 даанадан тапшырылды.


Ушуну менен Ош облусунун дээрлик бардык аймактарына муфтият тарабынан 8492 даана келген  Куран китептери тапшырылып бүттү. 


Алар райондорго төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

  1. Араван району — 944
  2. Алай району — 424
  3. Кара-Кулжа району — 488
  4. Кара-Суу району — 1776
  5. Ноокат району  — 2040
  6. Өзгөн району  — 1224
  7. Чоң-Алай району — 472

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн