Арча-Бешик конушунун тургундары Бакаев жана Узун-Булак көчөлөрүнүн кесилишине 15 кабаттуу үйдүн курулушуна каршы. Бул тууралуу алар "Кактус.медиа" редакциясына кабарлаган.
Тургундардын айтымында, бир жыл мурда аталган аймакка көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна уруксат берилген эмес.
Бирок бүгүнкү күндө Узун-Булак көчөсүндөгү эки үйдүн ордуна 15 кабаттуу үйдүн курулушуна "Бишкекбашкыархитектура" мекемеси уруксат берген.
Жергиликтүү жашоочулар бул аракеттер мыйзамсыз экени тууралуу бир катар укук коргоо органдарына кайрылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн