Тогуздун айы 05, 2024
Убакыт: 15:18
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Арча-Бешикте өспүрүм айдоочу 10 жаштагы кызды өлтүрө сүзүп кеткен

Арча-Бешикте өспүрүм айдоочу 10 жаштагы кызды өлтүрө сүзүп кеткен


Кечээ, 4-октябрда, борбор калаадагы Арча-Бешик конушунда кызды сүзүп кеткен Lexus 470 унаасынын айдоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.


“Эр-Тайлак көчөсүндө чыгышты көздөй бараткан Lexus 470 үлгүсүндөгү унаанын 16 жаштагы айдоочусу О.А. рулду башкара албай көчөдөгү жүргүнчүнү (10 жаштагы Б.Р.) коюп, андан кийин бала бакчанын короосун талкалап кирип кеткен. Кырсыктын жыйынтыгында жүргүнчү кыз алган жаракаттарынан улам ошол жерде каза болгон”, — деп айтылат маалыматта. 


Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси менен кылмыш иши козголду. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, автоунаа айып короого токтотулду. Ал эми 16 жаштагы айдоочу Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн