Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Арча-Бешик жаңы конушундагы үйлөрдүн биринин алдына ташталган ымыркайдын ишине байланыштуу жаңы жагдайлар тууралуу айтып беришти.

Маалыматка ылайык, институттун кызматкерлери бала табылгандан кийин дарыланууга жаткырылган төрөт үйүнө барышкан.

Башкы дарыгердин маалыматына ылайык, 19-ноябрда саат 23.05те кабыл алуу бөлүмүнө милиция кызматкерлери абдан катуу үшүп калган жаңы төрөлгөн баланы алып келишкен.

Балага бронхопневмония деген диагноз коюлган. Азыр ал дарыгерлердин көзөмөлүндө кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат, дарылоо программасына антибиотиктер кошулган.

Институттун кызматкерлери төрөт үйүнүн башкы дарыгери менен дайыма байланышта болуп жатышат.

Мындан тышкары, Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 20-21-ноябрда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына барып, баланын энеси Ж.С. менен сүйлөшүп келишкен.

20-ноябрда кармалган Ж.С ИИБде суракка алынган. Ал КР Кылмыш кодексинин 37-125-беренеси боюнча айыпталууда.

21-ноябрда Акыйкатчы институнун кызматкерлери ИИБдин убактылуу кармоочу жайына кайрадан барган кезде, ал кандай жагдайда төрөгөнү тууралуу айтып берген.

Анын айтымында, үй шартында төрөгөн, ата-энеси анын кош бойлуу экенин билишкен эмес. Баланын атасы ким экенин билет, ал адам учурда абакта жатат.

Кармоо шарттарына даттанган эмес, камерада ал эки аял менен бирге кармалып турат.

Ж.С.нын айтымында, аялдардын гигиенасына керектүү бардык буюмдар бар. Аны дарыгерлер текшеришкен, зарыл болгон медициналык процедураларды жүргүзүшкөн. Мамлекеттик жактоочу берилген.

Ленин РИИБнин маалыматына таянсак, 2023-жылы 19-ноябрда 2003-жылы туулган Ж.С. үй шартында төрөгөн. Андан кийин ымыркай Арча-Бешик жаңы конушундагы үйлөрдүн биринин алдына желим баштыкка оролуп, кутуга салынган абалда ташталган.

Тергөө тарабынан тиешелүү экспертиза дайындалды.

Акыйкатчы институту мамлекеттик органдарды баланын укуктарын коргоону камсыздоого чакырат.

Бул иш КР акыйкатчысы Жамилия Жаманбаеванын жеке көзөмөлүндө.