Бүгүн мен сиздерге корицанын арыктоо үчүн пайдасы тууралуу айтып берем.
Корица жыпар жыттуу гана эмес, ошондой эле абдан натыйжалуу дары болуп саналат. Ал иммундук системаны бекемдейт, сезгенүүгө каршы жана гемостатикалык касиетке ээ, эстутумду жакшыртат жана альцгеймер оорусу менен күрөшүүгө жардам берет. Жүрөк кан тамыр системасынын иштешине да оң таасирин тийгизет: холестериндин деңгээлин төмөндөтөт.
Арыктоо рецеби: бир стакан жылуу сууга 1-2 чай кашык майдаланган корица кошуңуз. Аралашмага жарым лимондун ширесин кошуп жакшылап аралаштырыңыз. Бал кошуп, аралашманы ичиңиз. Күнүнө бир жолу ачкарын ичесиз.
Каршы көрсөтмөлөр: ашказан, ичеги-карын оорулары, баш оору, гипертония, кош бойлуулук жана эмчек эмизгендерге болбойт.
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн