Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 03:03
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Арипов Акылбек Жапаровго «Toshelectroapparat» ишканасынын ишмердүүлүгүн көрсөттү

09.03.2023 16:08
219
Арипов Акылбек Жапаровго «Toshelectroapparat» ишканасынын ишмердүүлүгүн көрсөттү

Өзбекстан Республикасында жумушчу сапары менен жүргөн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ташкент шаарындагы «Toshelectroapparat» ишканасындагы өндүрүштүк жана башкаруу процессин уюштуруу принциптери менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Ишкананы кыдырууда белгиленгендей, «Toshelectroapparat» компаниясынын продукциясын электр тармактары, электр өндүрүүчү, темир жол, тоо-кен, мунай-газ ишканалары кеңири колдонушат.


Акылбек Жапаров өндүрүлүп жаткан продукциянын сапатын белгиледи, алардын ассортиментине түрдүү электр жабдуулары жана электр эсептегичтери (электр энергиясын көзөмөлдөөнүн жана эсептөөнүн автоматташтырылган тутуму) кирет.


«Бизде Жалал-Абад облусунда Ташкенттеги заводду керектүү көлөмдө комплекттөөчү тетиктер менен камсыз кылууга жөндөмдүү ишканабыз бар», - деди министрлер кабинетинин башчысы жана КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө мындай кызматташуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн