Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 04:20
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Арка айылында тажик аскерлери турак үйлөрдү аткылашты

01.05.2021 13:11
697
Арка айылында тажик аскерлери турак үйлөрдү аткылашты


Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал курч. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматы билдирди.


Анын айтымында, Баткен облусунун Лейлек районунун Арка аймагында тажик аскер кызматкерлери Кыргызстандын жарандарынын үйлөрүнө ок чыгарышкан. Айыл тургундары буга чейин эвакуацияланган.


УКМКнын ЧК чек ара бөлүктөрү коргонуу позициясын ээлешти.


Бүгүн Баткен шаарында чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн сүйлөшүүлөрү башталышы керек болчу. Бирок жолугушууга Тажикстандын өкүлдөрү келе элек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн