Тогуздун айы 07, 2024
Убакыт: 04:40
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Аркадий Дубнов: «Тажик бийлигине чакан согуш керек болуп турат» (видео)

30.04.2021 11:39
17671
Аркадий Дубнов: «Тажик бийлигине чакан согуш керек болуп турат» (видео)


«Тажик бийлигине экинчи жактын ички саясатындагы туруксуздук кырдаалы жана саясий белгисиздигин пайдаланып, жеңишти камсыздай турган чакан согуш керек болуп турат», - деп өз пикирин 29-апрелде Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжал тууралуу Борбор Азия чөлкөмү боюнча эксперт Аркадий Дубнов «Настоящее время» каналына билдирди.


«Менин көңүлүмдү бир нерсе буруп турат, алтургай экөө. Биринчиси, саат сайын курчуп жаткан инцидент Тажикстандын борбору Душанбеде Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө мамлекеттердин Коопсуздук Кеңешинин катчыларынын жыйыны аяктай электе башталды. Демек, азыр бул жагдай тажик жетекчилигине кайсы бир согуштук аракеттерди жүргүзгөнгө ыңгайлуу болгон десек болобу? Мында ал жакка чогулган мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчылары бул чатактын чыгышына Душанбени түздөн-түз айыптоого батынбайт. Жок эле дегенде андагы мамлекеттердин өкүлдөрүнүн тажик бийлигине кандайдыр бир сын-пикир түшпөй калат деген ниет жаткандай. Бул мына ушундай алдын-ала ойлонулган айлакерлик болушу мүмкүн. Экинчиден, жетекчилеринин бири Душанбеде жыйында отурса, кээ бирлери башка жактарда жүрүшсө, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев саламаттыгынан улам чет өлкөгө чыгып кетсе, ушундай убакта мындай чатактын чыгышы Кыргызстандын кызыкчылыгында эмес болчу. Анан калса өлкөдө ички саясий кырдаал жакшы эмес болуп турганда, кыргыз тараптан кимдир-бирөө ушундай согуштук аракеттерди баштаганга кантип кызыкдар болмок эле? Булардын кызыкчылыгында эмес эле. Ошондуктан мендеги маалыматтарга таянсак, Тажикстан ушунчалык ыкчамдык менен минометтор жана аскердик тик учактар сыяктуу олуттуу курал-жарактарды колдонуп, тынымсыз аткылаган согуштук аракеттерди баштап жибергени, тажик тарап Кыргызстандын аймагындагы Ворух анклавы менен материктик аймакты бириктирген жолго көзөмөл орнотууга алып келе тургандай ийгиликке жетишүүнү көздөгөн болушу мүмкүн деген аналитиктер арасында кооптонуу бар. Башкача айтканда, тажик тараптын бул аракеттеринен соң, Ворух анклав болбой калышы мүмкүн. Жыйынтыгында Кыргызстан өзүнүн Лейлек районуна эркин өтө албай, өзү кайра Тажикстандын ичиндеги анклавка айланып калышы ыктымал. Ошондуктан бул чатак кокустан чыкты дегенге болбойт», - дейт ал.


Ошондой эле ал Кыргызстандагы туруксуз кырдаалдан, саясий белгисиздиктен пайдаланып, тажик бийлиги жеңишти камсыздай турган чакан согушту каалаганын мындайча айтат:


«Менимче бул аракеттерде карапайым адамдар курал катары эле колдонулуп жаткан болушу мүмкүн. Ошол куралды жогорку жактагылар жумушчу абалга алып келип койду. Бул жерде кайсы бир тарапка, кимдир-бирөөгө экинчи жактын ички саясатындагы туруксуздук кырдаалы жана саясий белгисиздигин пайдаланып, жеңишти камсыздай турган чакан согуш керек болуп турат. Бишкек башында чек ара көйгөйүн чечүүнүн жолдорун сунуштаган. Ошондо Тажикстан жетекчилиги ага аябай катуу каршы чыгып, эч кандай аймактарды алмаштыруу болбойт деген жооп кайтарганын эстегенде, менде расмий Душанбе маселени тынч жол менен чечүүнү каалабай, кырдаалды курчутуп, аскердик жол менен максатына жетүүнү көздөйт деген сезим болгон. Анткени ал өлкөнүн жетекчилиги өз элинин кызыкчылыгына иштеген чечкиндүүлүгүн көрсөтүп, элди абдан мекенчил, абдан мобилдүү жана катуу келишкис лидердин айланасына бириктирүү болчу».


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн