Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Атамбаевдин "англисче" коштошуусу. Мурдагы президенттердин жолугушуусу 4 саатка созулган

20.02.2023 08:41
3007
Атамбаевдин "англисче" коштошуусу. Мурдагы президенттердин жолугушуусу 4 саатка созулган

Борбордук Азия боюнча саясий серепчи Аркадий Дубнов Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен мурдагы президенттердин жолугушуусу тууралуу өздүк булактарына таянып, бир нече маалымат  менен бөлүштү.


Дубновдун айтымында, Дубайда өткөн жолугушуу 4 сааттан ашык уланган жана кызуу талкуу жүргөн.


"Садыр Жапаров Атамбаев абактан бошотулгандан кийин экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен аз болсо да мамилесин оңдоого жетишкен жана ушул кадам мурдагы президенттердин кезигүүсүнө жол ачкан. 


Жапаров жана Камчыбек Ташиев чындап өлкөдө тынчтык жана биримдикти чыңдоого кызыкдар экендигин белгилеген.

Ошондой эле учурдагы президент колу канга боёлгон Курманбек Бакиевди Кыргызстанга кайтарып келүү ниети жок экенин билдирген.


Ал эми Алмазбек Атамбаев дааратканага чыгып келем деген боюнча кайтып келген эмес",- деп айтылат Дубновдун билдирүүсүндө.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Султануклова Нурийлакан
Мине себептен кирген эмес ал ооруп калган эмеспи