Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 04:36
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Аркан тартыш саясаты менен Кыргызстан өнүгөбү?

13.03.2020 11:02
1172
Аркан тартыш саясаты менен Кыргызстан өнүгөбү?

Калп айткан менен болобу, Кыргызстан өзү кайда багыт алганын билбеген кеменин абалында болуп турат. Демократиялык жол менен парламенттик башкаруу багытын тандап алдык дегенибизге деле 10 жыл болуп калды. Бул убакыт деле аз убакыт эмес, жылыштын белгилери пайда болуусу кажет эле. Азырынча байкалбайт. Тескерисинче улам кийинки келген парламент «шапкабызды баса кийгизе» уялтып жатса, өкмөт чечкиндүү кадамдарды жасай албай, бирде парламент тарапты, бирде президенттик аппаратты карап жалтактайт.


Мактанганыбыз эле: Шайлоолорду таза өткөрүүгө жетиштик, фальсификация болбой калды деген сөздөр. Ал эми ошол шайлоонун арты менен парламентке келгендер кандай иштеп жатканы менен мактана албай жатабыз.


Бийлик алсыз болуп калды. Бул бүгүнкү бийликке гана тиешелүү эмес. Эки жолку революциядан кийин качкын президенттердин тагдырын эч ким кайталагысы келбейт. Андыктан «Эл эмне дейт?» деп эле жалтактап турган бийлик. Ат-Башыга соода-логистикалык борборун куруу боюнча жакшы долбоор чыкты эле, ага каршы митингдерден улам өкмөт аркага чегинди. Ал митингдерди деле ар кандай саясий күчтөр атайылап күчөттү. Өкмөттүн аркага чегине турганын ал саясий күчтөр күткөн эмес. Алар үчүн өкмөттүн чегинбегени керек болчу. Митингди улам күчөтүп, «бийлик элди укпай калды» деген жаңы шылтоо таап, мамлекеттик төңкөрүш жасоо планы бар эле. Бирок, өкмөт аркага чегинип, ал саясий күчтөрдүн планын бузду. Орто жолдо мамлекеттин экономикасы, элдин жашоо-шарты үчүн иштеп бере турган жакшы долбоор ишке ашпай калды. Ошондо ким кимди башкарып жатат деген суроо аргасыз жаралбай коебу? Мамлекетти бийлик башындагылар башкарып жатабы же бийликке умтулган же болбосо бийликтен ыдык көргөн саясий күчтөр башкарып жатабы? Өкмөт ошол логистикалык борборду куруунун кандай артыкчылыктары бар экенин, экологияга зыяны тийбей турганын, жер Кытайга эч убакта өтүп кетпей турганын тыңгылыктуу түшүндүрүп берсе болот беле? Анте алган жок.


Сот реформасын жүргүзүп жатабыз дегенибизге деле көп болду. Бирок, эч эле реформанын натыйжасы сезилбей келет. Президент соттордун чечимдеринин акыйкаттуулугу, адилеттүү болушу, мыйзамдуу болушу ар бир судьянын абийиринен, ыймандуулугунан да көз каранды экенин бир нече жолу билдирди. Ырас, бул да туура. Ыйманын, абийирин таза сактаган соттор акча үчүн адилетсиз чечим чыгарууга бара албайт. Бирок, биздеги азыркы тапта иштеп жаткан соттордо ошол нерсе барбы? Ыймандуу болгула, абийириңерди таза сактагыла деп койсок эле алар ошого макул болуп, пара албай калышабы? Балким, кайсы бир убакта ушундай оозеки сөз деле катуу таасир эте турган учур келеттир, бирок бүгүнкү күндө бул сөздөр соттордун бир кулагынан кирип, экинчисинен тоскоолдуксуз эле чыгып кеткенине ишене берсеңиз болот.


Коомубузда ар түрдүү көз караштардын, позициялардын кагылышып келатканына чейрек кылымдан ашты. Дайыма эле «Талаштан тактык жаралат. Көп түрдүү пикир болсо кайра жакшы» деп сыймыктанып да коебуз. Бирок, биздин талаштан тактык жаралбай эле революциялар, мамлекеттик төңкөрүштөр жаралып кетип жатканын көрүп жатпайбызбы. Сөз эркиндиги, адам эркиндигин чектебешибиз керек деп эле келатабыз, мындайдан бейөкмөт уюмдары акча жасоо жолун таап алышты. Сөз эркиндиги, демократия деген түшүнүктөрдү жамынуу менен жылаңачтанууну искусствого айлантып, чайды ким куят, ким төрөйт деген жаңы маселелерди жаратып алдык.


Айтор, кейип-кепчий бере турган жагдайларыбыз арбын. Баарын айтып отурбайлы. Дарыянын бир айлампасына илинип калып, ошондон чыгалбай жаткандай эле абалдабыз. Эгерде жоопкерчилиги жок сөз эркиндиги, баштан ашкан жөн эле эркиндик деген нерсе өнүктүрө турган болсо, эмдигиче Кыргызстан чындап эле Швейцария болуп калмак. Көрсө, ашыкча эркиндик жөн гана башаламан жашоону берет экенине көзүбүздү жетти. Ушундан улам бир сунуш бар, балким демократияны, ашыкча эркиндикти жыйыштыра туруп, өлкөнү өнүктүрүү, бакубат жашоо курунуу Сингапурдун тажрыйбасынан алып көрбөйлүбү? Ар кимдин оозун карап отура бергенден курсак да тойбойт, жашоо да оңолбойт тура. Андан көрө диктатор деген атка консо да Сингапурду 1959-жылдан 1990-жылга чейин башкарган Ли Куан Ю сыяктуу башкаруу керек болуп жүрбөсүн. Ошол 31 жылдык башкаруу убактысында ал Сингапурду өтө жакыр өлкөдөн керемет өлкөгө айлантып койгонун дүйнө эли билет. Же ар кан тартыш саясатыбызды уланта берелиби?


Канатбек Аскаров


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн