Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 17:54
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Аркасында колдогон эли бар. Таласта депутаттар ЖКнын төрагасын сындаганды токтотууга чакырды (видео)

10.06.2020 11:55
3773
Аркасында колдогон эли бар. Таласта депутаттар ЖКнын төрагасын сындаганды токтотууга чакырды (видео)

 

Кече, 9-июнь күнү Таласта Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго айтылган сын-пикирлерди токтотуу өтүнүчү менен маалымат жыйын өттү. Бул тууралуу Турмуш басылмасы жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, жыйынга Өзгөрүш айыл аймагынын депутаты Токтобай Бечелов, активист Кеңешбек Калматов, Миң-Булак айыл аймагынын депутаты Тахир Койчубаев катышкан.


“Ушул тапта Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун үстүнөн көп сын-пикирлер болуп жатат. Интернетте, социалдык тармактарда дарегине карата буйрутма сындар көбөйдү. Фейк баракча менен бекинип алып, ар нерсени жаза беришет. Силер сын айткыңар келсе өзүңөрдүн атыңардан чыгып айткыла. Биз дагы ким жумуш кылды, ким иштеп, кимдин жардамы тийип келе жатат жооп бергенге даярбыз.

Биздин бүгүн маалымат жыйынга чыкканыбыздын себеби, анын аркасында колдогон эли бар экенин айткыбыз келди. Мындай кыйын жагдайда кыргыз элине, анын ичинен Талас элине көптөгөн жардам берип жатат. Ал нерсеге баарыбыз эле күбөбүз. Тонналаган ундар, азык-түлүк, жардамдар келип жатат. Иштеп жаткан ишине сын койбой, тескерисинче колдоп, жардам берсек болмок
, - дешкен алар.


Пикирлер (6)

Коопсуздук коду
Уланбек
Койгулачы ушундай биздин агаларыбыздын кесепетинен жыргабай келебиз Таластык Оштук Баткендик Колдук болуп болунбой чындыгында силер заказной болбой токтоткула байкелер
Асаш
Таластан болобу, Баткенден болобу сабаттуу болсо мамлекеттин жузу, бир эле Талас эмес, адилет болгунубуз жакшы го, мен да достойный мамлекеттин ордун жузун, так аткара албаган бироону биз жактык деп коргой берсем туура болобу? Анын милдетти бут олкого жардам кылса, только Таласка эмес, болунуп журуп 30 жылда эмнеге жетиштик мекендештер... !!!
Анара
Колдоп чыксанар кайра окуткула суйлой албай тантырайт.Силер кайра колдоп чыгыпсынар да сабатсыз баланарды,же силер дагы сабатсызсынарбы?Сабатсыз жердештеринерди озунор алып барып озунорго башчы кылып алгыла.Мамлекетти шерменде кылып бутту