Бугу 11, 2024
Убакыт: 22:24
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Армения Тоолуу Карабак боюнча келишимди бузуп жатабы?

28.12.2020 17:39
701
Армения Тоолуу Карабак боюнча келишимди бузуп жатабы?

Азербайжан  Тоолуу Карабак аймагындагы чабуулда бир жоокери окко учканын билдирди. Азербайжан Коргоо министрлиги 28-декабрда маалымдагандай, алдыңкы күнү «армениялык мыйзамсыз куралчан топ» Агдам айылында азербайжандык аскердик бөлүккө кол салган. Министрлик чабуул койгондордун бардыгы жок кылынганын кошумчалап, келечекте мындай аракеттерге каршы катуу чара көрүлөрүн эскертти.


Расмий Ереван жана Тоолуу Карабактагы окуя боюнча пикирин билдире элек.


Армениянын Коргоо министрлиги мунун алдында Гадрут чөлкөмүндө кармаш жүрүп жатат деген кабарларды четке кагып, аймактагы этникалык армяндардын күчтөрү тынчтык келишиминин шарттарын аткарып жатышканын билдирген.


Москванын арачылыгы менен түзүлгөнкелишим 10-ноябрда күчүнө кирип, алты айга созулган салгылашууларга чекит койгон. Документке ылайык, азери армиясы кайтарып алган жерлер Бакунун карамагында калат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн