Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Армения Тоолуу Карабакта 1200гө жакын аскерин жоготту

03.11.2020 17:51
664
Армения Тоолуу Карабакта 1200гө жакын аскерин жоготту


 

Армения 27-сентябрда башталган Тоолуу Карабактагы куралдуу кагылышуудан 1200гө жакын аскерин жоготту. Алардын катарында аталган аймактагы армиянын жетекчисинин орун басары Артур Саркисян да бар. 2-ноябрь күндөгү атышуудан эле армиян тараптын 11 жоокери окко учканы белгилүү болду. Ал эми Азербайжан 99 жаранынан айрылганын расмий билдирген.


Белгилей кетсек, буга чейин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Россияны Армения да мүчө болгон Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) алкагында көмөк көрсөтүүгө чакырган. Бирок, расмий Москва согуш Армениянын аймагына өтүп кетсе гана жардам көрсөтөрүн билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн