Бугу 07, 2024
Убакыт: 12:17
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Армения менен Азербайжан туткундарды алмаша баштады

15.12.2020 09:15
688
Армения менен  Азербайжан туткундарды алмаша баштады

14-декабрда Азербайжанга армяндардын колундагы бир катар туткундар учак менен жеткирилди. Азербайжан бийликтери бардык туткундарды өз ара алмашуу тууралуу макулдашылганын тастыктады. Ушул эле күнү кечирээк Ереванга да орусиялык учак менен 44 туткун жеткирилгенин Армениянын расмий өкүлдөрү билдиришти.


Алгачкы баскычта Азербайжан жана Кызыл Чырым уюму тастыктаган армян туткундары мекенине кайтарылды.


Туткундагы башка армяндарды табуу жана кайтаруу жүрүмү улантылмакчы. Бул тууралуу Армениянын вице-премьери Тигран Авинян өзүнүн «Фейсбук» барагына жазды.

Орусиянын Коргоо министрлигинин айтымында, 14-декабрда 12 туткун Азербайжанга, 44 туткун Арменияга өткөрүлүп берилди. Бул жүрүмгө орусиялык тынчтык жаратуу күчтөрү да кол кабыш кылгандыгы айтылды. Бирок мындан ары дагы канча туткун өз ара алмашылышы мүмкүндүгү азырынча ачыкталган жок.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн