Бүгүн, 3-мартта Армения парламенти президентикке талапкер Ваагн Хачатурянга добуш беришти. Бул тууралуу "Эхо Москва" агенттиги кабарлады.
Маалым болгондой, добуш берүүнүн биринчи турунда Ваагн Хачатурян жетиштүү добуш топтой албай калган. Экинчи турда президентикке талапкерди 71 депутат колдоп, президент болуп шайланды.
Эске салсак, Армениянын мурдагы президенти Армен Саркисян отставкага кеткен. Анын ордуна Ваагн Хачатурян жалгыз талапкер болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн