Жетинин айы 25, 2025
Убакыт: 17:53
USD
87.30
87.80
EUR
100.30
101.30
RUB
1.090
1.130

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Кыргызстанга келди

25.08.2022 14:33
686
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Кыргызстанга келди

Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады. 


«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан сыйлуу конокту Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.


Эске салсак, 2022-жылдын 25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт, анда интеграциялык биримдик алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн