Бугу 14, 2024
Убакыт: 02:11
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Армениянын жаңы рекорду

13.06.2020 15:02
644
Армениянын жаңы рекорду


13-июнда Армениянын Премьер-министри Николь Пашинян өлкөдө кечээ, жума күнү COVID-19дун рекорддук сандагы жаңы учуру катталгандыгын билдирди.


“Кечээ бизде жаңы рекорд – 723 учур аныкталды. Алты адам каза тапты, 442си сакайып чыгышты”, - деди ал Фейсбуктагы видеокайрылуусунда.


Айтымында, жарандар тарабынан эпидемияга каршы эрежелердин сакталбай жатышы өлкө үчүн көйгөйгө айланды.

2020-жылдын 16-мартынан 13-июлуна чейин өзгөчө абал жарыяланган Арменияда 12-июнга карата вирус жуккандардын саны 15 281 адамга жетти. Алардын ичинен 258и каза тапты.


Кошумчаласак, 13-июнга карата дүйнөдө СOVID-19 аныкталгандардын саны сутка ичинде 140 304 учурга көбөйүп, жалпы сан 7 млн 648 миң 841ди, ал эми каза тапкандары 428 085ти түздү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн