Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:12
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Армян номурлуу унааларды каттоого болобу? Мамлекеттик бажы кызматынын жообу

26.06.2024 13:23
180
Армян номурлуу унааларды каттоого болобу? Мамлекеттик бажы кызматынын жообу


Бүгүн, 2024-жылдын 26-июнунда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева Армениянын мамлекеттик номуру тагылган унаалардын тагдырына кызыкты.


Анын айтымында, ага армян номурлуу унааларды кантип мыйзамдаштырууну билбеген жарандар кайрылыша.


«Айрымдардын унаасынын документтери жок, анткени бул унаалар Армениядан Кыргызстанга тетик катары алынып келинген. Сиз карапайым элге кантип жардам бере аласыз?», - деп сурады.


Буга Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Улан Кимсанов Армения ЕАЭБге мүчө болгондуктан, бул машиналарда эч кандай көйгөй жок деп жооп берди.


«Армян номурлуу унаалар сол рулдуу болсо, «Унаа» мамлекеттик ишканасына катталышы мүмкүн. Оң рулдуу унаа катталбайт», - деди ал.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Гульзада
Государственная таможенная служба просит обращаться по вопросам деятельности таможенной службы в колл-центр таможенной службы по номеру 0312510651, (1240 )С 09.00 до 18.00